Кантип жигердүү жаш жаран болуу керек, өз максатыңа кантип жетүүгө болот жана санарип доорунда заманга жараша кандай иштөө керек?
"Демилгелүү жаштар" форуму биринчи жолу онлайн режиминде дал ушул темаларды талкуулайт.
Форумдун эң активдүү катышуучуларына белектерди беребиз! Биздин спикерлерди түз эфирлерден көрүңүз жана Демилгелүү Жаштардан эң сонун сыйлыктарга ээ болуңуз - худи, банан баштыктар, эко баштыктар жана дептерлер!
Жыл сайын "Демилгелүү жаштар" долбоору Кыргызстандын жаштарын кызыктырган актуалдуу темаларды талкуулаган форум өткөрөт. Covid-19 пандемиясына байланыштуу, быйыл форум Instagram жана Facebook платформаларында онлайн режиминде өткөрүлөт.
Иш чаранын расмий тили: кыргызча